Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында асынып каза болгон Бакыт Асанбаевдин сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Айыл банктын" төрагасынын мурдагы орун басарынын денесине тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалгандан кийин сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилген.
Белгилей кетсек, 18-июнга караган түндө УКМКнын тергөө абагында отурган Бакыт Асанбаев асынып каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн