Кыйноолордун алдын алуу Улуттук борборунун директору УКМКнын тергөө абагында жаткан Сариев менен Нуралиевден кабар алды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдириди.
"Иш сапарынын жүрүшүндө ар бир камера кароого алынып, мурдагы премьер-министр Темир Сариев, ЖАМКтын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев жана башка камактагы адамдар менен баарлашуу болду. Кыйноолор же кармоо шарттарына карата кармалгандар тарабынан арыз-даттануулар айтылган жок", - деди басма сөз кызматынан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн