Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын алдында Бажы кызматынын башчысы Адилет Кубанычбековду бошотуу талабы менен митинг өтүүдө.
Митингге анын тарапташтары жана жана коллективи катышууда. Алар Адилет Кубанычбековду атайын кармашканын билдирип, бошотууну талап кылышууда.
Митингге 50гө жакын адам катышып жатат.
Белгилей кетсек, кечээ Бажы кызматынын башчысы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн