Бугу 15, 2024
Убакыт: 14:28
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

УКТ мүчөсү чала тааныш аялдын автоунаасын алдап алып, өзүн-өзүн өлтүрүүгө жеткирген (видео)

18.03.2021 18:45
809
УКТ мүчөсү чала тааныш аялдын автоунаасын алдап алып, өзүн-өзүн өлтүрүүгө жеткирген (видео)


2021-жылдын март айынын ортосунда ички иштер органдарына арыз келип түшүп, анда мурда бир нече жолу соттолгон адам аялды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген факты боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Арызында чала тааныш адам аялдын ишенимине кирип, анын баасы 5000 АКШ доллары турган “Тайота” үлгүсүндөгү автоунаасын сатууга көндүрүп, акча каражатын карызга алган.

Андан соң башында эле карызга алган акча каражатын кайтарып берүүнүн ордуна аны ар дайым аңдып, өлтүрөм деп коркутуп, стресстик абалга жеткирген. Анын кесепетинен аял өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган.

Бул факты КЖБРге катталып, Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 136-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

 Ыкчам-тергөө иштерине ИИМдин Криминалдык милиция кызматы дагы тартылган.

Жакында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн тиешелүү чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар адамдын өздүгү такталып кармалды. Кармалган жаран мурда соттолгон Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 1983-жылы туулган М.К. болот. Алынган маалымат боюнча ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Иликтөө жүрүп жатат.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн