Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 12:29
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

УЛУТТУН АГАЙЫ

26.04.2021 08:53
657
УЛУТТУН АГАЙЫ


Опоосуз дүйнө деген ушул... Кыргыз эли упурап турган кезде, уйпаланып турган кезде, ушаланып-майдаланып турган кезде Бексултан Жакиевдин о дүйнө салышы – орду кылымда толгус чоң жоготуу болду, аттигиң... Асыл тирек аска-зоосу болчу кыргыздын ал! 


Улуту менен мынчалык сыймыктанган, улутун мынчалык сүйгөн, улутуна мынчалык камкордук жасаган, улутуна мынчалык боору ооруган, улутуна мынчалык кейиген кыргыз интеллигентин табыш азыр мүмкүн эместей! Биз менен катар жашаса да, биз жеген тамакты жесе да, биз менен катар олтуруп спектакль көрсө да – мага кээде Бексултан агай Манас ааламынан, баатырдык менен тазалыктын төрүнөн келгендей туюлуп кетчү.


Ал кудум Манастын саадагынан чыккан сыр жебедей – чак-к эткенде чыккыс болуп сайылып калчу кыргыз маселесинде! 


Чак-к эткенде чыккыс болуп сайылганы жалганбы?! Жакиев тарабынан бир нече жылдап (күнүн күн, түнүн түн дебей) даярдалган, жазылган долбоор боюнча Кыргыздын  манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурас шедеври деп таанылып, Парижде расмий катталып олтурса! Ошондон тартып Кыргызга таандык бул эки өнөрдүн эл аралык кадыры артып, не деген гана манасчылар менен төкмөлөр өсүп чыкпады! Кароо-сынактарда болсо калдайып өзү олтурду. Отуз жылдыгын белгилеп жаткан Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн эн тамгасы экономикада же саясатта эмес – дал ушул Жакиев каны-жанын берген көркөм туундуларда кашкайып көрүнүп турат!


Бексултан Жакиевдин койгон, киришкен маселеси Манастын аткан сыр жебесиндей – чак-к эткенде чыккыс болуп кадалганы жалганбы?! Жаңы замандын жарчысы катары ал Кыргыздын уникалдуу уулу Азамат Алтайды кыргызга кайрадан таанытуу, аны актоо, Кыргызстанга алып келүү жараянында эбегейсиз эмгек өтөп олтурса! Калемгер катары макаладан повестке чейин жазды! Сөөгүн агартты бул дүйнөдө! Армансыз кылып аркы дүйнөгө узатты.


Чак-к этип – Кыргыз маселесинде сыр жебедей чыккыс болуп сайылганы жалганбы?! “Манас” эпосун кинолоштуруу боюнча сценарийин эчак даярдап-жазып салса! Элдин күткөн эгемендик доору минтип өзүнө келе албай, экономикалык жактан кургуйга кулап тургандыгы үчүн ал сценарий катуу жерге катылып салынгандай. Жараткандын жакшы бир күнүндө анын Кыргызга улуттук белек болуп чыга келеринде күмөнүм жок. Жазуучунун көзү өткөндүгүнөн пайдаланып, сценарийди азыр чукулап алып чыгуу да зарыл эмес. Арбак анда бакырып чыгат... Заман оңолгондо...


Ооба, оболу, Бексултан Жакиевдин ой-идеясы, чыгармачылык чабыты Манастын саадагынан чыккан сыр жебедей – чак-к эткенде чыккыс болуп драма жанрына сайылганы кашкайган чындык! Башканы айтпаганда да, алтымыш ашык жыл мурда жазылган “Атанын тагдыры” драмасы Муратбек Рыскулов башында турган Акылбектердин плеядасын, Даркүл Күйүкова башында турган Оңолкандардын плеядасын өстүрүп чыгаргандыгынын өзү эле эмне деген бийиктик! Бул өңдөнгөн пикирлерди "Миң кыял", "Алтын аяк", "Өкүм", "Эртең – жаңы жыл", "Жолугушуу", Күттүргөн жаз да келээр", "Саадак какты" "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", “Үркүн”, “Жаза” сыяктуу ар бир драмасына арнап айтсак болот. Натыйжада Бексултан Жакиевдин аты кыргыздын профессионал драма жанрын кыр башына чыгаргандардын бирден-бири катары адабий тарыхта алтын тамга менен жазылып калды!


Манастын саадагынан чыккан сыр жебедей – чак-к эткенде чыккыс болуп Бексултан Жакиевдин ой-дүйнөсү, өмүр-жолу кыргыз маданиятына сайылган! Азыркы кыргыз маданиятын Жакиевсиз эч качан элестетүү мүмкүн эмес. Жакиевдин театрга басып келгенинин өзү орошон окуя болуп жүргөндүгүн эми сезебиз. Жакиевдин микрофондогу күрүлдөбүрөөк, өкүмүрөөк чыккан жагымдуу добушу, борсулдаган күлкүсү кыргыз маданиятынын ооматы болуп тургандыгына эми ынанабыз.


Оо! Кыргыздын “Манас” баштаган бардык руханий дөөлөттөрүн, кыргыздын кылымдарды карытып келаткан нарк-насилдерин алтындан кылбат асырап алып жүрдү го Бексултан агай! Аларды аңдабагандар, кыр көрсөткөндөр, тетири кеткендер менен тердегиче кармашкандан, күрөшкөндөн ырахат тапты, андыктан чарчабады дагы!


Айрыкча эгемендик доорундагы кыргыз улутунун кыйчалыш маселелери, сапырылган саясаттын тескери таасирлери, караңгылыктын жан кайышткан жагдай-түшүнүктөрү, азгырыктары боюнча акыйкат, арчыл, албуут пикирлерин айтып, көкүрөк сырларын төгүп,  көрөсөндүгүн толук көрсөттү!


Ошентип журүп Бексултан Жакиев билинбестен Улуттун Агайы(!) ардак-даражасына жеткен экен. Учурдагы Кыргыз улутунун агайы!


“Жакиев келет бекен?”, “Жакиев катыштыбы?”, “Жакиев эмне деп сүйлөдү?”, “Жакиев айттыбы ошентип?”, “Жакиев көрдүбү?”, “Жакиевдин пикири кандай болду экен?”


Кыргыз маданиятында кадам сайын жолукчу ушул сөздөр, атаңдын гөрү дүйнүйө-ай, эми айтылбас болуп олтурат. Менин да Анкарадан туруп кеп-кеңеш сурай турган, телефондо жарым саат, бир саат эзилишип сүйлөшө турган асыл адамым жок калып олтурат... 


Улуттун Агайы Бексултан Жакиевге бейиштик тилөө менен сегиз жыл мурда жазган ырымды кайгылуу добуш менен окуп берейин эми:


Басып жүргөн китеп – сиз, жарыя – сиз!

Барактар – сиз үлгүдөй жанаштырган.

Күркүрөгөн ортолук дарыя – сиз

күңгөй менен тескейди канат кылган.


Улут үчүн уңгу издеп, көрөңгө издеп,

убайымдын сиз тарткан жаркынын айт!

Акыңызды акчалай төлөп берсек – 

Ата-Журтту гүлдөтмөк ал миллиард!


Жанса улутка – болбойт деп ката сезим,

жан үрөйсүз – жашка да карабайсыз! 

Как жонуна көтөрүп атакесин,

качып – сактап бараткан баладайсыз!


Көтөргөн ал атаңыз – улутуңуз,

көйгөйлөр кууп баратат каптап-тепсей.

Кандай бакыт – кутулуп турушуңуз! 

Кандай бакыт – кармалыш таштап кетпей!


Баарын көргөн баатырсыз күрөштөгү,

баскан изден башкача жарык чыгып.

Ала-Тообу кыргыздын жүрөктөрү?

Алп Манасты жатасыз алып кирип!


Кыргыз, ооба, кырдаалдын тескеп астын,

кылымдардын болучу тогоосундай!

Мифтин эмес – турасыз Эр Манастын

микрофон кармаган чоросундай!


Кожогелди Култегин

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн