Кулжа 29, 2024
Убакыт: 06:25
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

USAID Энергетика министрлигине керектүү жабдууларды тапшырды

25.05.2024 10:45
146
USAID Энергетика министрлигине керектүү жабдууларды тапшырды


Күн мурун АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) менен Энергетика министрлигинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында энергетика тармагына керектүү жабдуулар тапшырылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чаранын жүрүшүндө USAID Энергетика министрлигине шамалдын багытын жана ылдамдыгын аралыктан үзгүлтүксүз (10-300м) аныктоочу "Лидар" жабдыгын тапшырды.

Мындан тышкары, "Лидар" жабдыгын колдонуу боюнча тийиштүү адистерге атайын тренинг өткөрүп, оперативдүү иштердин жана энергетикалык процесстерди көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында компьютердик техникаларды тапшырды.

Жабдууларды тапшыруу аземине USAID миссиясынын Кыргызстандагы директору Кая Адамс, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана USAID агенттигинин жана КР энергокомпанияларынын өкүлдөрү катышты.

Министр Ибраев өз сөзүндө USAID`дин буга чейин энергетика тармагына көрсөткөн колдоолорун баса белгилеп, бүгүнкү тапшырылган жабдуулардын өтө керектүү экенин билдирди.

Маалымат үчүн: КР Энергетика министрлигинин тапшырыгы менен USAID`дин РСЕ долбоору изилдөөлөрдү жүргүзүп күн жана шамал электр станцияларынын потенциалдарынын картасын иштеп чыкты. Өткөрүлүп берилип жаткан "Лидар" жабдыгы тандалып алынган участоктордун бирине орнотулат дагы, тандалган участоктогу бийиктиги 10 метрден 300 метрге чейинки аралыктагы шамалдын бир жыл ичиндеги мүнөздөмөсүн, шамалдын агымы жана күчү тууралуу толук маалымат берет. Бул иш-чара потенциалдык инвесторго шамал электростанциясын жогорку тактык жана алгылыктуу финансылык чыгымдар менен долбоорлоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн