Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 07:34
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

USAID Кыргызстанга 15 млн сомдук медициналык жабдууларды берди

16.08.2022 12:23
329
USAID Кыргызстанга 15 млн сомдук медициналык жабдууларды берди



 АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасынын башкы ооруканаларына COVID-19 жана башка жугуштуу оорулардын жайылуусуна бөгөт коюу үчүн заманбап медициналык жабдууларды алып берди. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жабдууларды өткөрүп берүү аземи бүгүн, 16-августта Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериевадын катышуусунда өттү.


КР Улуттук госпиталы бейтаптардын жогорку дем алуу жолдорунда диагностикалык жана дарылоо манипуляцияларын аткарууга мүмкүнчүлүк бере турган жогорку технологиялык мобилдик видеобронхоскопго ээ болду. Чүй областтык ооруканасы чектелген шарттарда диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бере турган мобилдик рентген-аппарат алды, ал эми Ош шаардык ооруканасына шейшептерди жана бейтаптардын буюм-тайымдарын тазалоо үчүн атайы дезинфекциялоочу камералар берилди. Жабдуулардын жалпы наркы 15 млн сомду (190 000 АКШ доллары) түзөт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн