Бугу 10, 2024
Убакыт: 09:08
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

УТРК Кадыр Кошалиевдин маеги боюнча териштирүү жүргүзүп жатат

18.05.2023 16:37
259
УТРК Кадыр Кошалиевдин маеги боюнча териштирүү жүргүзүп жатат

Улуттук телерадио корпорациясы мурдагы президент Курманбек Бакиевден маек алган Кадыр Кошалиев боюнча ички териштирүү жүргүзүп жатат.  Бул тууралуу каналдан билдиришти.


"Бул маек Кадыр Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылган. УТРК жетекчилиги менен макулдашылган эмес жана маекти тартуу үчүн техникалык каражат жана башка чыгымдары бөлүп берилбеген. 


Учурда УТРКдан эфирге чыккан “Кыргыз ааламы” көрсөтүүсүнүн жасалгасын автор башка максатта колдонгондугу боюнча ички териштирүү жүрүүдө. 


Айта кетсек, Кадыр Кошалиев тартып келген интервью УТРКнын каналдарынан берилген жок. Ошондой эле, эфирге берүү боюнча планда каралбаган",- деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле, ички тартип боюнча УТРКнын ар бир эфирдик торчодон орун алган көрсөтүүлөрү алдын ала макулдашылып, зарыл болгон материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздалары кошумчаланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн