Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 15:17
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

UWW Айсулуу Тыныбековага 10 миң, Мээрим Жуманазаровага 7 миң доллар бөлөт

04.12.2021 14:01
1541
UWW Айсулуу Тыныбековага 10 миң, Мээрим Жуманазаровага 7 миң доллар бөлөт

Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) жыл мыктыларын тандоо рейтингин чыгарды. Ага ылайык, өз салмагы боюнча 1-орунду ээлеген Айсулуу Тыныбекова 10 миң, 2-орунду ээлеген Мээрим Жуманазарова 7 миң доллар менен сыйлана турган болду. Бул тууралуу Уюм расмий сайтына жарыялады.

Сайттан алынган маалыматка ылайык, кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 салмактагы Айсулуу Тыныбекова 136 упай топтоп, Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингине кирген бардык балбандар арасында лидер болду.

Ага Алматы шаарында өткөн Азия биринчилигинде төртүнчү жолу чемпион аталганы үчүн 18 упай, Польшада өткөн ачык турнирде да алтын медаль алганы үчүн 16 упай, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль алганы үчүн 44 упай, Ослодо өткөн Дүйнө биринчилигинде экинчи жолу чемпион болгону үчүн 58 упай берилген.

Ал эми Мээрим Жуманазаровага Азия биринчилигинде чемпион болгону үчүн 18 упай, Польшада өткөн ачык турнирде коло медаль алганы үчүн 12 упай, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында коло медаль алганы үчүн 26 упай, Ослодо өткөн Дүйнө биринчилигинде чемпион болгону үчүн 58 упай берилип, жалпы 114 упай топтогон.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг салмак категорияда рейтингдин сап башына чыккан АКШнын балбан кызы Тамира Менсон Сток Мээримден 9 упайга (123 упай) көбүрөөк алган.


Булак: "Марал"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн