Бугу 04, 2024
Убакыт: 11:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Убада бергичтерге эмес, ыймандуу, билимдүүлөргө ишенели

04.09.2020 13:03
1499
Убада бергичтерге эмес, ыймандуу, билимдүүлөргө ишенели


Бүгүн 4-сентябрдан тарта парламенттик шайлоонун үгүт иштерине расмий уруксат берилди. Түнкү саат 00:01 болору менен эле интернеттеги социалдык түйүндөрдө бажырая сүрөткө түшкөн талапкерлер, баягы эле таттуу убадалары менен жайнап чыгышты. Уксаң кулактын кычуусу кана турган убадалар. Эгерде анын баары аткарылса беш жыл ичинде өз өлкөбүздү тааныбай калчудайбыз. Кой үстүнө торгой жумурткалап, карышкырлар койлордон корко турган заман болуп кала тургандай эле элес келет.  


Тилекке каршы, мунун баары бир айга гана көңүл көтөрө турган көрүнүш. Мындай убадаларды 2010-жылы да, 2015-жылы да укканбыз. Делөөрүп ишенгенбиз. 7%дан ипотекалы кредит алып, электр энергиясын өз баасында колдонуп калабыз дегенбиз. Алтургай ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайга 50 миң сомдон сүйүнчү пул алабыз деп капчыктардын чоңун даярдаганбыз. Укмуштай закод-фабрикалар ачылып, миңдеген жумушчу орундары түзүлүп калат деп күткөнбүз. Мугалимдердин, маданият кызматкерлеринин, врачтардын айлык акылары 30 миң сомдон кем болбойт экен деп үмүттүн шамын жакканбыз. 


Соттор акча сунуштагандарды эл душманындай көрүп, паракорчулук жоюлат дедик эле. Батирден батирге көчүп кыйналган жарандардын турак-жай маселеси чечилет дегенбиз. Асмандагы айды гана алып берем дегендер болгон эмес, калганынын баары жасалмак. 


Бирок, эмне болду жыйынтыгында? Баягыдай эле кредиттердин пайызы төмөндөгөн жок, электр энергиясы арзандабады. Жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пул 50 миң эмес, анын 10 пайызын да түзбөдү. Миңдеген жумушчу орундары түзүлбөдү. Айлык акылар деле 30 миң болуп кеткен жок. Паракорчулук жок болбоду, батирлерде көчүп-конуп жашагандар дагы деле ошол турмушун улантууда. 


Таттуу убадаларды үстөккө-босток бергендер өздөрү беш жыл бою депутаттык мандатын жеке кызыкчылыктарына пайдаланды. Манчыркады. Айрымдары министрлик креслолордо отурду. Берген убадаларын унутту. Шайлоо маалында карапайым, жөнөкөй болуп, тим эле уктап жатса да күлүп турчудай сезилгендердин баары депутат болгондон кийин эле башкача болуп кетишти. 


Демек, кандай жыйынтык чыгарабыз? Бул жолу убадаларга алданууну токтотобуз. Андай кулакка жагымдуу сөздөрдү уккубуз келсе, 2010-2015-жылдардагы архивдерди эле түрдүрүп угуп алсак болот. Биз эми убада уккубуз келбейт. Бизге билимдүү, тажрыйбалуу, маданияттуу, «Алдар Көсөөлүктөн» алыс, принципиалдуу кесипкөй депутаттар керек. Жүрөгү эл деп соккон, мамлекеттин кызыкчылыгын сатпаган, көр дүйнө топтоодон алыс турган патриот депутаттарга муктажпыз. Андыктан 4-октябрда добуш берерде акылды терең калчап, жети өлчөп бир кесе тургандай бололу. Ар бирибиздин добушубуз өз мамлекетибизге кошкон салымыбыз болсун.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн