Бугу 09, 2024
Убакыт: 17:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Убакытты туура пайдалануу үчүн пайдалуу кеңештер

21.08.2023 08:28
1581
Убакытты туура пайдалануу үчүн пайдалуу кеңештер


Бул жашоодо ар бир адамга бирдей убакыт берилет. Чындыгында ал убакытты ким кандай колдонот, адамдар ошонусу менен бири-биринен айырмаланат. Кээ бирлери аны сарамжалдуу колдонгонду кичинесинен үйрөнүп, жашоосуна маанилүү өзгөрүүлөрдү, өнүгүүлөрдү киргизет. А айрымдар болсо, убакыттын кадырын кечигип байкашып, бармагын тиштешет. Сиз да эртең өкүнүп, бармагымды тиштеп калбайын десеңиз, убакытты туура пайдалануу боюнча айрым кеңештерге кулак салыңыз.


1. Эртең менен эрте турганда күнүмдүк планыңызга бир сыйра көз чаптырып, телефонду өзүңүздөн алыс кармап тамактаныңыз;


2. Көңүлүңүз чөгүп турса да, күзгүгө көрүнүп жатканда жылмаюуну адатка айландырыңыз;

3. Күндө эң аз дегенде 15 мүнөт китеп окуп туруңуз;


4. Кечинде дептериңиздин бир бетине ошол күнү сизди кубандырган нерселерди тизмектеп жазып, бир тарабына жагымсыз нерселерди жазыңыз да, канткенде ошол жагымсыз нерселер болбой турганын ойлонуңуз;


5. Башкалардын сиз тууралуу кандай ойлогондугуна маани бербеңиз. Маани берсеңиз пайдасыз нерв коротуу менен убактыңыз текке кетет;


6. Жакшы көргөн адамдарыңызга жетиштүү деңгээлде көңүл буруңуз;


7. Күнүнө эң аз дегенде 30 мүнөт сейилдеп, таза абада дем алыңыз;


8. Бош убакыт болгондо улгайган адамдар жана кичинекей бөбөктөр менен убакытты өткөрсөңүз, улуулардан акыл-насаат угасыз, бөбөктөрдөн өзгөчө дем, кубат аласыз;


9. Интернет сайттарды колдонууда ишиңиз бүтөрү менен көп алаксыбай, компьютерди жабууга аракет жасаңыз;


 10. Дүйнө жүзүнө белгилүү бизнесмен, психолог жана мультимиллионер Брайан Трейсинин “Убактыңды башкар жана натыйжаңды эки эсе арттыр” (Управляй своим временем и удвой результаты) деген чыгармасын окуп койсоңуз да ашыкча болбойт; 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн