Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер бекитилди

13.05.2020 08:00
1123
Убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер бекитилди


Коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө иретинде санитардык-эпидемиологиялык талаптар боюнча убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер бекитилди.


Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.


Аталган чечим Кыргызстандын аймагында коронавирустук инфекциянын кирүү жана жайылуу коркунучу уланып жатканына байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу иретинде жана экономикалык ишти этабы менен кайра жандандыруу максатында кабыл алынган.


Өндүрүш, кызмат көрсөтүү, анын ичинен коомдук тамактануу, соода чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, экономикалык иштин уруксат берилген башка түрлөрү менен алектенген жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар өзгөчө абал шартында жана өзгөчө кырдаал режиминде коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин убактылуу санитардык эрежелерди сактоону жана кызматкерлерге жетекчилик көрсөтмө берүүнү камсыз кылуусу тийиш.


Саламаттык сактоо министрлигине, Ички иштер министрлигине, Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына убактылуу санитардык эрежелердин сакталышын контролдоо жана КР мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү чараларды көрүүсү тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн