"Электр станциялары" ААКтын Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун алкагындына 2024-жылдын 5-мартынан тарта аталган ГЭСтин №4 гидроагрегаты реконстукцияга берилет.
Эмгек министрлигинен бюилдиришкендей, "Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо" долбоору Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.
Үч-Коргон ГЭСин учурда жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзөт. (ар бири 45 МВт болгон 4 блок).
Долбоордун ишке ашыруунун негизги максаты:
- ГЭСтердин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо;
- ГЭСтин кубаттуулугун жана электр энергиясын иштеп чыгаруунун көлөмүн жогорулатуу;
- эксплуатациялоо жана оңдоо чыгымдарын кыскартуу.
Графикке ылайык, №4 гидроагрегатты реконструкциялоону аяктоо 2024-жылдын 16-ноябрына пландаштырылган.
Эскерте кетсек, аталган ГЭС Нарын дарыясынын каскадында курулган биринчи ГЭС болуп саналат. Ал 1962-жылы ишке киргизилген. Ишке киргизилгенден бери УКГЭС өзүнүн жабдууларын жана инфраструктурасын реабилитациялоону жүргүзгөн эмес. УКГЭСтин стандарттык иштөө мөөнөтү 30 жылды түзөт, анын мөөнөтү 1992-жылы аяктаган. ГЭСтин жабдуулары жана гидротехникалык курулуштары эскирип, начар абалда. Бүгүнкү күндө ГЭСтин иштебей калуу коркунучу жогору. Ушуга байланыштуу УКГЭСти модернизациялоо өтө маанилүү.
Маалыматка ылайык, быйыл эки гидроагрегат реконструкцияланат:
- Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты;
- Үч-Коргон ГЭСин №4 гидроагрегаты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн