Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Үч ай ичинде 1200гө жакын мас айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган

06.06.2023 12:08
279
Үч ай ичинде 1200гө жакын мас айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган


2023-жылдын 8-мартынан тартып,  мас абалында унаа башкаргандардын  жоопкерчилиги күчөтүлүп, мас айдоочуларга 17500 сом айып салуунун  ордуна, бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу беренеси киргизилген. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жаңы эрежелер күчүнө киргенден тартып, 8-марттан, 31-майга чейин, өлкө аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан 1770 мас айдоочу аныкталып, анын ичинен 1200гө жакын айдоочу  соттун чечими менен унаа башкаруу укугунан ажыраган. Калгандары соттун кароосунда. Андан сырткары 100 айдоочу үч суткага соттун чечими менен камалган.

Эскерте кетсек,   айрым беренелерге айып пулдардын жогорулатылгандыгынын себебинен жол эрежелеринин бузуунун  баардык түрлөрү төмөндөп, анын ичинен мас абалында унаа башкаргандардын саны 46 пайызга азайган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн