Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 09:31
USD
84.60
85.10
EUR
92.60
93.60
RUB
0.880
0.925

Үч баланын энеси, мыкты юрист Венера Сыдыкова жардамга муктаж

27.04.2021 09:42
2964
Үч баланын энеси, мыкты юрист Венера Сыдыкова жардамга муктаж


Мыкты юрист, кесипкөй адис, үч баланын мээримдүү энеси Венера Сыдыкова жалпы кыргыз элинин жардамына муктаж. Бул тууралуу “Барометрге” анын жакындары жардам сурап кайрылган. 


Маалым болгондой, Венера Сыдыкова өпкөнүн онкологиялык залалдуу шишигине дуушар болгон (аденокарционома, өпкө рагынын 4-даражасы). Азыркы учурда мекендешибиз Түркиянын Стамбул шаарындагы “Анадолу” клиникасында дарыланып жатат. Залалдуу шишик мекендешибиздин жашоосун күндөн-күнгө оорлотуп жаткандыктан, тез арада торакоскопиялык операция үчүн 6000 доллар жана 20 жолу алынуучу нур менен рак клеткаларын өлтүрүү  (лучевая терапия) үчүн 19270 доллар керектелет. 


Ошондой эле Венера Сыдыкова дүйнөдөгү кымбат дарылардын катарына кирген TAGRISSO дарысын 10 ай ичиши керек. Бул дарынын бир айлык курсу 10000 доллар турат. Жалпы эсептегенде TAGRISSO дарысын 10 ай ичиш үчүн 60000 доллар керек болуп жатат. Ал эми бейтап ар бир үч ай сайын дарыгерлердин толук текшерүүсүнөн өтүш үчүн айына 950 доллардан сарпталат. Бир жылда төрт жолу дарыгерлердин кароосунан өтүш үчүн 3800 доллар табуу зарыл.



Жалпысынан мекендешибиз Венера Сыдыковага 89070 доллар керектелет. Венера айымдын өмүрүн сактап калууга кайдыгер карабаган жалпы мекендештерден жардам сурап кайрылабыз.


Жардам берүүнү каалаган жарандар үчүн:

Элсом: 0700355442

Оптима Банк: 4169585349364462

Байланыш үчүн телефон номер: 0550 95 11 96

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн