Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 175 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында - 18
- Ош шаарында – 22
- Чүй облусунда – 5
- Ош облусунда - 50
- Талас облусунда - 7
- Нарын облусунда – 3
- Ысык-Көл облусунда – 7
- Жалал-Абад облусунда – 22
- Баткен облусунда - 41
Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 45 932ни түздү.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 142 адамды түздү. Айыгып чыккан адамдардын жалпы саны 42 147.
Пикирлер (1)