Теке 03, 2024
Убакыт: 01:24
USD
86.10
87.00
EUR
92.20
93.20
RUB
0.960
1.010

Үч округ боюнча Жогорку Кеңешке шайлоо. Саат 12:00гө карата маалымат

30.06.2024 13:56
109
Үч округ боюнча Жогорку Кеңешке шайлоо. Саат 12:00гө карата маалымат


Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, саат 12.00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 311,4 миң шайлоочудан 23,7 миң шайлоочу добуш берди, башкача айтканда, шайлоого катышуу 7,61 пайызды гана түздү.


Округдар боюнча шайлоочулардын саны:

*Ноокат — 10 550 адам (11,59 пайыз);

*Свердлов — 5 795 (4,71 пайыз);

*Ысык-Көл — 7 365 (7,57 пайыз).


Ноокат округунда 9, Ысык-Көлдө — 15, Свердлов районунда — 5 талапкер каттоого алынган.


Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн