Үч көзөмөл-өткөрүү пунктунда жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун жаңыланганына байланыштуу 31-октябрда саат 12.30дан баштап мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги «Эркечтам-автодорожный», "Бор-Дөбө-автодорожный" жана "Карамык-автодорожный" өткөрүү пункттарында адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.
КР УКМКнын Чек ара кызматы ар бир өткөрүү пунктунда системаны жаңыртуу иштери бир жарым сааттан ашпаганын белгилейт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн