Бугу 14, 2024
Убакыт: 06:55
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Үч парламенттик фракция акыйкатчылыкка талапкер сунуштады

11.05.2023 10:22
340
Үч парламенттик фракция акыйкатчылыкка талапкер сунуштады


Жогорку Кеңештин үч фракциясы акыйкатчылыкка экс-депутат Мирлан Жээнчороевдин талапкерлигин көрсөттү.

Тагыраак айтканда, "Альянс", "Ынтымак" фракциялары жана "Элдик" депутаттык тобу биргелешип сунуштап жатат. "Ынтымак" фракциясынын лидери Марлен Маматалиев Жээнчороевге мыкты юрист, мыйзамдарды билген кесипкөй тажрыйбасын эске алуу менен токтолушканын билдирди.

Белгидей кетсек, өткөн жумада парламент акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошоткон. Анын отставкасын демилгелеген "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Абдрахматова ишин так жөндөп кете албаганын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн