10-май күнү кечки 21:00дөн түнкү 00:00гө чейинки аралыкта коменданттык сааттын талаптарын 38 жаран бузган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коменданттык сааттын тартиптерин бузгандар катталган эмес. Ал эми Бишкек шаарында – 36, Ат-Башы районунда – 2 адам кармалган.
25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин коменданттык саат учрунда 5027 жаран ички иштер болүмдөрүнө жеткирилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн