Үч саясий партия Борбордук шайлоо комиссиясына 24-август саат 18:00гө чейин документтерин өткөрүүгө үлгүрүшкөн жок. Бул тууралуу документтерди кабыл алуу боюнча топтун мүчөсү Абдыжапар Бекматов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, «Нур», «Тартип-Порядок» жана «Жашылдар партиясы» партиялары документтерин өткөрүшкөн жок.
24-августта саат 18:00дө Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тиешелүү документтерди кабыл алууну аяктады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн