Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 18:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Үч жылдын ичинде Бишкекти газдаштыруу толугу менен аяктайт

27.11.2023 13:13
227
Үч жылдын ичинде Бишкекти газдаштыруу толугу менен аяктайт


Үч жылдын ичинде Бишкекти газдаштыруу толугу менен аяктайт. Бул тууралуу бүгүн брифингде «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директорунун экономика жана каржы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.


Анын айтымында, 2023-жылы мэрия менен жол картасына кол коюлуп, анын алкагында борбор калааны газдаштыруу пландалууда.


Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин төмөнкү калктуу конуштарды көгүлтүр отун менен камсыздоо пландаштырылууда:

"Ак-Тилек";

"Ак-Тилек-2";

"Ак-Тилек-Турбаза";

"Бакай-Ата";

"Ала-Арча";

"Жогорку Көк-Жар";

"Товар";

"Попеновка";

«Төкөлдөш».


Кошумчалай кетсек, ишкананын маалыматы боюнча, Новопавловка жана Селекция айылдарында да иштер жүрүп жатат.


Ак-Босого конушун газдаштыруу боюнча долбоорлоо-изилдөө иштери улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн