Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 18:26
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Үч жолу операция болгон эл артисти Акылбек Абдыкалыковго жардам берилди

09.09.2020 10:54
903
Үч жолу операция болгон эл артисти Акылбек Абдыкалыковго жардам берилди


Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 8-сентябрда Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү актёр жана театр режиссёру Акылбек Абдыкалыковдон кабар алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, жолугушуу учурунда министр Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фондунан бөлүнгөн материалдык жардамды тапшырды.


Эл артисти Акылбек Абдыкалыков учурда президенттин жана өкмөттүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасында даарыланып жатат. 


Белгилей кетсек, буга чейин кино актер жүрөгүнөн үч жолу операция болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн