1-майдан бери коомчулукка чыга элек Түндүк Кореянын лидери Ким чен Ын Борбордук аскер комитетинин чоң жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Кореянын Борбордук телеграф агентствосу (КБТА) болуп өткөн отурум тууралуу бүгүн жекшемби күнү материал жарыялаган. Жыйналыш качан болгону айтылган эмес, бирок Түндүк Кореянын лидеринин отурумдан кийин жазган буйруктары 23-майда жарыяланганы айтылат.
Ошондой эле агенттик билдирүүгө Ким Чен Ындын Борбордук аскер комитетинин желегинин жанында отурган сүрөтүн кошо жарыялаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн