Бугу 14, 2024
Убакыт: 13:56
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Учак аркылуу дары себилип жатат деген калп маалымат боюнча тергөө башталды, - ИИМ

24.08.2020 11:24
854
Учак аркылуу дары себилип жатат деген калп маалымат боюнча тергөө башталды, - ИИМ


Учактар менен белгисиз дары-дармектерди себип, андан балдар ооруп жаткандыгын айткан билдирүү боюнча милиция тиешелүү ыкчам-иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

“23-август күнү, WhatsApp мессенджеринде жана башка социалдык тармактарда түнкү маалда учактар менен белгисиз дары-дармектерди себип, андан балдар ооруй тургандыгы  жөнүндө чындыкка дал келбеген жалган маалыматтарды камтыган аудиожазуу тарап баштаган. Бул багытта ИИМ тиешелүү ыкчам-иш-аракеттерди жүргүзүүдө”, - деп айтылат маалыматта.


ИИМ жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой турганы кабарланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн