Муниципалдык инспекция Учкун кичи районундагы гараждарды бузуу иштерин баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.
Инспекция буга чейин гараж ээлерине аталган жерди 30-сентябрга чейин бошотуу боюнча эскертүүлөрдү берген.
Аталган объектилер Свердлов шаардык соту тарабынан ушул жылдын 3-августунда мыйзамсыз деп табылган. 117 гараж бузулууга тийиш. Учурда инспекция 5 гаражды демонтаждады. Ээлери тарабынан 10 гараж алынган. Демантаждоо иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн