Бишкек шаарындагы тергөө абагында отурган активист Рита Карасартова абакта кимдер менен чогуу отурганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу баяндап берди.
Ал тергөө иштери кечиктирилгип, жүрбөй жатканына нааразы.
"СИЗО 5х6= 30 кв. метр болгон бөлмө, он адамга ылайыкташылган (биздин камерада тогуз айым отурабыз) , ошол эле бөлмөдө уктай турган эки кабаттуу керебеттер, тамак даярдоочу электрплита, холодильник, идиш аяк жууганга раковина жана туалет, баары ошол 30 квадрат метр бөлмөдө.
Тогуз айым: үчөө адам өлтүрүүгө шектүү, экөө баңгизат жайылтууга, үчөө алдамчылыкка жана мен бийликти басып алууга даярдык көргөнүм үчүн шектелип отурабыз.
Тогуз айым, 30 кв.метр, 24/7 күткөнүбүз тергөө менен сот отуруму",- деп жазган Карасартова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн