Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 19:35
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Учурда 4,5 миң жаран 5 млрд сомдук ипотека алган

05.06.2020 14:31
964
Учурда 4,5 миң жаран 5 млрд сомдук ипотека алган


Мамлекеттик ипотекалык компания “Республика-Ата Журт” фракциясынын демилгеси менен негизделген. Бул тууралуу фракция лидери Жыргалбек Турускулов VI чакырылыштагы аталган фракциянын ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө 4,5 миң жаран жалпы көлөмү 5 млрд сомду түзгөн ипотека алды. Бирок, турак-жайга муктаж жарандар дагы деле арбын.


Биз бир канча жолу бул маселе боюнча жыйын өткөрүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияны каржылоону жогорулатуу үчүн каржы булактарын издөө насыянын пайызын төмөндөтүү жана алдын ала төлөмдүн көлөмүн азайтуу багытындагы бир катар сунуштарыбызды өкмөткө бердик”, – деп кошумчалады ал.       


Ал эми “Өнүккөн аймактар – бай мамлекет” чакырыгынын алкагында фракция тарабынан аймактарда жаңы өндүрүштөрдү ачууга өбөлгө түзүү үчүн атайын салыктык режим киргизүү, киреше, жер жана мүлк салыгы боюнча 5-10%га чейин төлөмдөрдү төмөндөтүү сунушталганы айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн