Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкектеги көмүрдүн баасына мониторинг жүргүздү.
Маалыматка ылайык, учурда көмүр тартыштыгы жок, катуу отундун баасы туруктуу.
"Кара-Кече кенинин көмүрү 5,5 миң сомдон сатылууда. Каражыра жана Шабыркүл кендеринен чыккан Казакстандын көмүрү 6 миң сомдон сатылууда. Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери күн сайын шаардын бардык райондорунда мониторинг жүргүзүп, көмүрдүн баасынын көтөрүлүшүнүн алдын алуу иштерин жүргүзүүдө», - деп белгилешти кызматтан.
Башкармалык көмүр сатуучулар менен өлкө мыйзамдарынын жана керектөөчүлөрдүн укуктарынын сакталышы, көмүрдүн баасынын көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, деп билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн