Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:54
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Учурда стационарларда коронавирус жуктурган 232 адам бар

05.05.2020 10:39
1433
Учурда стационарларда коронавирус жуктурган 232 адам бар


Учурда коронавирус илдетин жуктурган 232 адам стационарда дарыланууда. Бул тууралуу 5-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.


Маалыматка ылайык, Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 843 учуру катталды. Алардын 232си бейтапканада дарыланып жатат, бешөөсү жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми ооруканадан 600 бейтап чыгарылып, 11 адам каза болгон.


Ошондой эле, жалпы 58 030 изилдөө жүргүзүлүп, лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 3 755ке жеткен. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн