Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Учурдагы абалдан тез арада чыгып кетерибизге ишенем, - Калыс Ахматов

19.03.2020 17:32
634
Учурдагы абалдан тез арада чыгып кетерибизге ишенем, - Калыс Ахматов


Учурдагы абалдан тез аранын ичинде чыгып кетебиз, деп ойлойм деп билдирди өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов өкмөттө өтүп жаткан брифингде. 


Анын айтымында, республика боюнча бардык райондордун, облустардын жана шаар жетекчилерине илдетке каршы күрөшүүдө кандай чаралар көрүлүшү керектиги боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип жатат.


"Коронавирус көп жайылган өлкөлөрдө колдонулган методдорду жана илдетке каршы күрөшүүдөгү чараларды тажрыйба катары алып атабыз. Япония өлкөсү колдонгон жеке гигиена боюнча сунуштарды колдонуу керектигин түшүндүрүп жатабыз. Эгерде биз тажрыйбалуу өлкөлөр берген методдордун барын туура колдонсок 85 пайыз бул ооруну жууктурбоого мүмкүнчүлүк жаралат экен. Мунун барын биз аймактарда элге жеткирүү боюнча тапшырмаларды берип жатабыз", - деди ал. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн