Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:33
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Учурдун ачуу чындыгы эмнеде?

30.12.2021 12:09
664
Учурдун ачуу чындыгы эмнеде?


"Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы" - деп бекеринен айтылган эмес, бул абдан так жана туура айтылган сөз. Бул реалдуулук менен эсептешпей коюуга болбойт, аны моюнга алуу зарыл.

Коомго, коомдук мамилелерге, мамлекеттик түзүмгө жана моралдык-этикалык баалулуктарга карата калыптанган аң-сезимдери боюнча өлкөбүздө үч муун жашап жатат, биринчиси - 55 жаштан өйдөкүлөр, экинчиси - 45 менен 55 жаштын ортосундагылар, үчүнчүсү - 45 жашка чейинкилер.

Мына ушул үч муундун көз карашы үч башка, негизинен алганда.

Биринчи муун - Советтер Союзу учурунда калыптанып, таалим-тарбия алып калгандар, алар карманган дөөлөттөр, баалулуктар азыр жок, ал учурдагы илим-билимге, маданиятка карата коюлчу талаптар дагы талкаланган.

Экинчи муун - Советтер Союзун элес-булас билип калгандар, инсан катары калыптануу мезгили негизинен кайра куруу, Советтик түзүлүштүн кыйрашы, эгемендик жылдардын алгачкы жылдарына, башкача айтканда кризистик мезгилге туш келгендер.

Үчүнчү муун - эски замандан кетип, жаңы заманга жетпей, ортодо ары-бери удургуп турган доордун продуктулары, арасында жогорку деңгээлдеги билими, эл аралык ченемдеги тажырыйбасы бар катмар бар болгону менен, бул жалпы жонунан маргинал муун.

Учурдун ачуу чындыгы эмнеде?

Чындык - мына ушул үчүнчү муун замандын азыркы түрүн жана келечегин аныктай тургандыгында. Эгерде, бул муун мурдагы дөөлөттөр менен баалулуктар тепсендиде калып, жаңысы калыптана элек мезгилде, коомдо басымдуулук кылган нааразычылык, майда соода-сатык, алдамчылык, акыйкатсыздык шартында калыптангандыгын эске алсак, анда коомдук аң-сезимдин келечеги эч кандай оптимизм жаратпайт. Мына ушул муун азыр коомдун саясий ырайын аныктап, шайлоолордун тагдырын чечип, коомдук мамилелерди калыптандырып, ошондой эле бийликке алардын өкүлдөрү келип жаткандыгы дагы айныгыс факт. Ошондуктан биз дагы бир далай төмөн карай оңко-баш атып тоголонобуз го деген ой келет... Аягы барып опера-балеттин кереги жок, үйдө телевизор жок болсун, музыка-концерт дегендер токтосун... деген жерге бир аз жыл ичинде жетип кала тургандыгыбыз деле ажеп эмес... Ансыз деле мектепте математика, физика, химия, биология дегендерди окутуп кереги жок, турмушта пайдасы тийбейт деп көчөдө эмес, парлменттин трибунасынан айтып калдык. Мындай караганда билинбегени менен биз азыр өтө бийик жардын кырында турабыз...

Бул ойлонто турган дагы, толгонто турган дагы нерсе... Көп нерсе азыркы бийлик башындагылардан көз каранды, ары тоголонуп кете беребизби, же болбосо кандайдыр бир жолдорду таап бери карай жылабызбы? - алардын колунда турат...

Бул кырдаалдан жөн эле, өзүнөн-өзү эле чыгууга мүмкүн эмес. Арстанбек ойчул-акын айткандай учурда "замана устаранын мизинде" оодарылып турат... Акыл-эси ордунда болгон ар бир адамдын келечек алдында жоопкерчилиги чоң деп ойлойм.

Эмилбек Каптагаев, мамлекеттик ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн