Бүгүнкү күндө саясий партиялар үгүт иштерин активдүү жүргүзүүдө, көпчүлүк учурларда санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталбай жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-сентябрдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, алар штабдарга барып, алдын ала эскертүү иштерин жүргүзүшкөн.
"Тартипти сактабагандарга айып салынат. Үгүт иштери учурунда 1-2 миң адамды чогултуп, алар бет кап тагынбай, аралыкта сактабаганын социалдык тармактардагы сүрөттөрдөн көрүп жатабыз. Биз эскертүү берип, аларга айып салабыз", - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн