Кулжа 26, 2024
Убакыт: 07:14
USD
86.50
87.40
EUR
92.50
93.50
RUB
0.960
1.020

Үгүт маалында партиялар санитардык талаптарды сактоосу керек, - Боронов

07.09.2020 12:54
943
Үгүт маалында партиялар санитардык талаптарды сактоосу керек, - Боронов

Шайлоо процессин өткөрүү коронавирус инфекциясы пандемиясы мезгилине туш келди. Бул процесстин бардык катышуучуларынан социалдык жактан дагы чоң жоопкерчиликти талап кылат. Мындай пикирин премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. 

«Үгүт кампаниясы маалында партиялар жана шайлоочулар белгиленген санитардык нормаларды жана талаптарды сактоосу керек. Тийиштүү көзөмөл болушу зарыл. Мындан тышкары шайлоо күнү республиканын аймагындагы эпидемиологиялык көзөмөлдү камсыз кылуу шарт», - деди өкмөт башчы. 

Ал ошондой эле Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, добуш берүү күнү шайлоо участкаларына барган жарандарга, шайлоо комиссияларынын кызматкерлерине жана процесске тартылгандарга коронавирус инфекциясынын жугушун жана өпкөнүн сезгенишин алдын алуу боюнча жакынкы аралыкта план бекитилерин белгиледи. 

Штабдын жыйынында саламаттык сактоо объектилеринин курулушу жана жабдылышы боюнча маселелер каралды. 

Премьер-министр бул маселелерди сапатуу жана өз учурунда иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө токтолду. 

Мындан тышкары санитардык эрежелерди сактоо боюнча эл арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн