Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 03:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга атайын тиркеме иштелип чыкты

25.02.2021 20:58
1074
Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга атайын тиркеме иштелип чыкты

Кыргызстанда угуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн "Дилгир" аталышындагы атайын тиркеме иштелип чыкты. Бул ПРООН билдирди.


 Тиркеме азырынча кыргыз тилинде гана иштетилет. Март айынын аягында тиркемени толук колдонууга мүмкүн болот. Ошондой эле мекеме орус тилинде иштеп чыгууну убадалады.

"Дилгир" угуусу начар балдарга кыргыз жана орус тилдеринде билим алууга мүмкүнчүлүк берет, бул биринчи кезекте үй-бүлөсү жана башкалар менен баарлашууда коммуникациялык тоскоолдуктарды жоюп, коомго аралашууга оңой болот. Санариптик курал, угуу жана коммуникация көйгөйлөрүнө кабылган, ар кандай угуусу начар балдардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүү үчүн эбегейсиз зор мүмкүнчүлүктөргө ээ",- деп билдирди мекеме.

 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн