Бүгүн, 4-майда Казакстан тарап менен биргеликте кызматташып, Кыргызстанга Украина, Австрия, Венгрия, Чехия жана Словакиядан 29 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Украина авиакомпаниясынын коммерциялык чартердик авиакаттамы аркылуу Тараз шаарынын эл аралык аэропортуна "Киев-Будапешт-Тараз" маршруту боюнча келген кыргыз жарандары саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкерлеринин коштоосунда атайын транспорт менен Бишкек шаарына алынып келинген.
Чет мамлекеттерде калган мекендештерди кайтаруу жолдору, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосунда жана кызматташуусунда уланып жатканы кабарланат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн