Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 07:51
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Украина Чернобыль АЭСиндеги кырсык жөнүндөгү документтерди ачыкка чыгарды

23.06.2020 12:17
1596
Украина Чернобыль АЭСиндеги кырсык жөнүндөгү документтерди ачыкка чыгарды


Украинанын Коопсуздук кызматынын архиви жана Украинанын улуттук эстутум институту Чернобыль атомдук электр станциясы тууралуу документтерди ачыкка чыгарды. 1970-жылдын башынан 1986-жылдын ноябрь айына чейинки мезгилдеги 229 документ “КГБнын Чернобыль досьесу. Курулуштан кырсыкка чейин” деп аталган экинчи жыйнак китепке киргизилди.


“Жаңы китептеги документтердин арасында 1986-жылы болгон кырсыктар жөнүндө маалыматтар, 26-апрелине караган түндөгү телефондук сүйлөшүулөрдүн жазылмалары, кырсык жөнүндө биринчи кабардын түп нускасы, тергөө иштеринин жүрүшү жана “саркофагдын” курулушу жөнүндө маалыматтар бар”, - дейт УКК архивинин директору жана жыйнакты түзүүчүлөрдүн бири Андрей Когут.


Бул жыйнак станциянын курулушу, анын иштетилиши жана кырсык тууралуу талаш-тартыштарды азайтууга жардам берет деген пикирлер бар.




Кошумчаласак, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча Чернобыль АЭСиндеги кырсык жалпы жонунан 4 миңге жакын адамдын өлүмгө дуушарлануусуна себепкер болушу ыктымал. Айрымдар АЭСтеги кырсыктын кесепеттерин адистер Хиросимага ташталган атом бомбасынан алда канча ашып түшөт деген пикирди айтып жүрүшөт. Маселен, Гринпис жана “Врачтар ядролук согушка каршы” эл аралык уюму кырсыктын айынан аны жоюуга катышкан 600 миң адамдын ондогон миңи каза тапкан, Европада 10 миң наристе тубаса кемтиктер менен төрөлгөн, 10 миң адам калкан бездин залалдуу шишик оорусуна кабылган дешет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн