Украина КМШнын “Почта жана электр байланышы жаатындагы мамлекеттер аралык мамилелерди координациялоо жөнүндө” келишимине катышуусун токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Тиешелүү чечимди өлкөнүн министрлер кабинети кабыл алды.
"Бүгүнкү күндө Украина КМШ өлкөлөрү менен эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин деңгээлинде, атап айтканда, Эл аралык электр байланыш союзунун жана Дүйнөлүк почта бирлигинин алкагында түзүлгөн, улуттук кызыкчылыктардын негизинде кызматташуусу мүмкүн", - деп долбоорго түшүндүрмө кат келишимден чыгуу жөнүндө айтылат.
Документке 1992-жылы 9-октябрда Бишкек шаарында кол коюлган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн