Бүгүн, 7-мартта Украина гуманитардык коридордон баш тартканын өлкөнүн вице-премьер-министри Ирина Верещук билдиргенин РИА Новости агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Верещук мындай гуманитардык коридорлор калктын коопсуздугун толук камсыз кылбайт. Мындан сырткары, Верещук АКШ, Франциядан "чыныгы" гуманитардык коридорлорду ачып берүүгө көмөктөшүүгө чакырган.
Буга чейин, орус-украин Коргоо министрлиги Украинадагы Киев, Харьков, Мариуполь жана башка аймактардан 6 гуманитардык коридор ачылып, "тынч режим" жарыялана турганын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн