Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Украина орусиялыктар үчүн виза режимин киргизди

01.07.2022 13:33
485
Украина орусиялыктар үчүн виза режимин киргизди


Украина орустар үчүн виза режимин киргизди. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.


Басылманын маалыматына ылайык, жарандар Украина визасын алуу үчүн Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Калининград, Казань, Новосибирск, Ростов-на-Дону жана Самарадагы VFS Global виза борборлоруна кайрыла алышат.


Бирок Украинанын Тышкы иштер министрлиги акыркы чечимди чек арачылар кабыл алгандыктан, визанын болушу орусиялыктардын өлкөгө кирүүсүнө кепилдик бербей турганын тактады.


Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Киев менен Москванын виза киргизүүсүнө жооп берүү чечиминде улуттук кызыкчылыктар эске алынарын билдирди.


17-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский орусиялык жарандар үчүн 1-июлдан тарта виза режимин киргизүү демилгесин жарыялаган.


Эске салсак, Украинадагы кырдаал оор бойдон калууда. Согуш уланууда. Орусия 2022-жылдын 24-февралында атайын аскердик операция жарыялаган. Аскер жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүүдө. Көптөгөн мамлекеттер Россия Федерациясына каршы катаал санкцияларды киргизишти жана киргизүүнү улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн