Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Украина сүйлөшүү жолуна чакырат. Зеленский кайрадан кайрылуу жасады

24.02.2022 21:58
468
Украина сүйлөшүү жолуна чакырат. Зеленский кайрадан кайрылуу жасады

Бүгүн, 24-февралда Украина президенти Владимир Зеленский кайрылуу жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.


Маалыматка ылайык, Зеленский өзүнүн кайрылуусунда Россия менен маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырды.


Ошондой эле Зеленский орус калкына кайрылып согушту каалабасаңар Россиянын шаарларына митингге чыгууга чакырды.

 Европа өлкөлөрүнүн лидерлерине кайрылып "бүгүн бизге жардам бербесеңер, эртең согуш силердин эшигинерди каккылайт" деди.


Украина башчысы азыркы кырдаалдан эки тарапта тең жоготуу болуп жатканын билдирди. Ал түштүк тарапта абал оор экенин жана Донецк облусунда абал көзөмөлдө экенин кошумчалады.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн