Украинанын Энергодар шаарында жайгашкан эң ири Запорожск атомдук электр станциясынын окуу бөлүмүнөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматына таянып чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалым болгондой, түндө шаарда орус аскерлери менен кагылышуу болгон.
Анын натыйжасында атом электр станциясынын окуу бөлүмүндө өрт чыккан. Буга байланыштуу Владимир Зеленский чукул кайрылуу жасап, атом энергоблоктору жарылса бүтүндөй Европа кыйрай турганын айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн