Украинада белгисиз жаран министрлер кабинетинин имаратын граната менен жардырам деп коркутуу менен басып алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, ал буга чейин Донбасстагы согушка катышкан. Анын "Айдар" батальонунда сапёр болгондугу маалым болду.
Украинанын ИИМи жарандын колундагы гранатасы жасалма эмес экендигин четке каккан эмес.
Белгилей кетсек, бүгүн министрлер кабинети жыйынга чогулмак.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн