Бүгүн, 7-мартта Украинда саат 10:00дөн тарта "тынч режим" жарыяланат. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, гуманитардык коридорлор Киев, Мариуполь, Харьков жана Сума шаарларынын жай тургундары үчүн уюштурулат. Ал арада эки тарап тең ок атууну токтотууга тийиш.
Буга чейин БУУнун маалыматы боюнча 1,5 миллион жаран Украиндан чыгып кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн