Бүгүн, 5-мартта Украинанын Мариуполь жана Волновахи аймактарынан жай жашоочулардын чыгып кетиши үчүн гуманитардык коридор ачып, тынч режим жарыяланды. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Мариуполь аймагы азыркы учурда Донецк элдик республикасынын аскерлери тарабынан курчалган. Алар жергиликтүү саат боюнча 10:00дөн тарта ок атууну токтотот.
Мындай аракет Украина менен да макулдашылган. Мындан улам жай тургундар чыгып кеткенге чейин эки тарап тынчтык режимин сактоого тийиш.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн