Украинадагы кырдаалга байланыштуу 4 миллиондон ашык жаран өлкөдөн чыгып кеткен. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча башкы комиссариаты кабарлады.
Маалым болгондой, эң көп качкындар Польша мамлекетине кирген. Алардын 2,3 миллиондон ашык.
Ал эми Румынияга 603 миңден ашык, Молдовага 385 миңден ашык адам кирген.
Ошондой эле качкындар Россия, Германия, Улуу Британия жана башка өлкөлөргө чыгып кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн