27-февралда Украинада президент Владимир Зелинскийдин иш кеңсесинин алдында улутчулдар митинг өткөрүштү.
Улутчулдар экиге бөлүнүп, айрым нааразы болгондор Башкы прокуратуранын имаратына барышып, ал жакта от жагып, фейерверктерди жардырууда.
Киевдин борборундагы башаламандык учурунда радикалдар газ куюлган идиштерди колдонушуп, полицияга от жагышты. Бир нече укук коргоо кызматкерлери жаракат алышты, алардын көпчүлүгү көзүнөн жаракат алышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн