Бүгүн, 24-февралда саат 01:00дөр тарта Украинанын бардык аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирди.
Маалыматка ылайык, өзгөчө абал учурунда Украинадагы аскердик кызматка чакырылган жарандар жашаган жерин алмаштыра албайт. Аймактардан кирип-чыгуу катуу көзөмөлгө алынат.
Зарыл болгон учурда комендаттык саат киргизилет.
Кооптуу аймакта жашаган жарандар эвакуацияланат. Жарандар аскердик техникалардын кыймылын сүрөт же видеого тартууга тыюу салынат.
Эске салсак, Украинадагы өзгөчө абал режими Луганск жана Донецк облусунда жарыяланган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн