Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 22:59
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Украинадагы 100дөн ашык жаран калган. ТИМ кыргыз жарандарын Украинадан эвакуациялоо боюнча маалымат берди

08.03.2022 21:44
812
Украинадагы 100дөн ашык жаран калган. ТИМ кыргыз жарандарын Украинадан эвакуациялоо боюнча маалымат берди

Украинанын аймагында өзгөчө кырдаалдын киргизилгендигине байланыштуу, Украинанын аймагынан чыгууну каалаган Кыргызстандын жарандарын үчүнчү мамлекеттер аркылуу эвакуациялоонун алкагында КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады. Бул ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Украинанын аймагынан чыгып, үчүнчү мамлекеттердин аймагында жайгашып турган Кыргызстандын жарандарын мекенине алып келүү максатында Бишкектен КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаментинин эки кызматкеринен турган ыкчам топ Польшага чыкты. 


Азыркы кезде аталган топ Варшавада иш алып барышууда. Дипломаттар Польшанын шаарларында кыргызстандык жарандар жайгашкан бардык пункттарды кыдырып чыгышты. Мекендештерге тамак-аш уюштурулуп, жергилктүү бийлик органдары менен кыргызстандыктардын мыйзамдуу туруусу жана андан ары Кыргызстанга алып кетүү маселелерин талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 


Ошондой эле дипломаттар ошол тийиштүү документациялоого муктаж болгон жарандарыбызга мекенине кайтуу үчүн керектүү болгон документ тариздөө боюнча консулдук кызматтарды көрсөтүшүүдө.  

2022-жылдын 8-мартына карата статиситикалык маалымат: 


Кыргызстанга келген жарандар – Венгриядан - 91 жаран.


Коопсуз өлкөлөргө чыгарылгандар: 

Польша - 201 (польша тарабынын миграциялык кызматынын маалыматына ылайык. Элчиликтин көмөгү менен 150 КРнын жараны киргизилген);

Словакия -20;

Румыния- 19;

Түркия – 66 

Молдова – 21

Чехия - 85

Башка өлкөлөр (Литва, Германия) - 13

Коопсуз жерлерге (үчүнчү өлкөлөргө) жалпысынан 412 Кыргызстандын жараны чыгарылды. 


Министрлик жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы, Венгриядагы, Германия Федеративдүү Республикасындагы, Түркия Республикасындагы, Беларусь Республикасындагы Элчиликтери, Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жана Польшада, Румыниядагы жана Венгриядагы Кыргызстандын Ардактуу консулдугу тарабынан Украинадан мекендештерибизди үчүнчү мамлекеттердин аймагы аркылуу Мекенине кайтып келүүсүнүн коопсуздугун камсыздоо, убактылуу турак-жай жана тамак-аш менен камсыз кылуу, ошондой эле муктаж болгон жарандарды тийиштүү документтер менен камсыздоо иштери улантылууда. 


Бүгүнкү күнү алдын ала маалымат боюнча, Украинанын шаарларында 100дөн ашуун мекендешибиз калышууда жана алардын дээрлик ар бири менен Элчилик жана КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти жана туруктуу байланышта.


Министрлик Элчилик менен биргеликте аларды коопсуз жактарга алып чыгуу боюнча мүмкүн болгон аракеттерди көрүүдө.


Ошону менен бирге активдүү согуштук аракеттер жүрүп жаткан шаарларда жүргөн Кыргызстандын жарандарына атайын коргонуучу жайларда болууну сунуштайбыз.


Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын дагы эскертип кетебиз.


Кыргызстандын Украинадагы Элчилиги:

+380997573413, 

+380442370346, 

+380442370348, ошондой эле Элчиликтин «WhatsApp» тобу;


КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;

+996 703 428 865, +996 709 983 465, +996 554 065 215.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн