Украинадагы Херсон облусу жыл аягына чейин толук Россия Федерациясынын курамына кириши мүмкүн. Бул тууралуу Херсон облусунун башчысынын орун басары Кирилл Стремоусовго таянып РИА Новости агенттиги кабарлады.
Анын айтымында, Херсон облусу жакында Россиянын курамына кирүү боюнча сунуш жөнөтөт.
Азыркы учурда Херсон облусу орус армиясынын көзөмөлүндө жана товар жүргүзүү рубль валютасы менен жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн